Манас Осмон, журналист: “Бийлик тышкы күчтөрдү тыйып, аларга кызмат кылган басма сөздөрүн жаап салсын!”

Автор

— Президент Садыр Жапаровдун россиялык журналистке «Батыш мамлекеттери Россияга байланыштуу көрсөтмө бербеши керек» деген маанидеги жообу чоң талкуу жаратты. Сиз кандай дейсиз?
— Анткени, мындан мурда эч бир кыргыз саясатчысы Батыш өлкөлөрүнө каяша айта алган эмес. Мурда кайсы бир саясый окуяларда тышкы өлкөлөрдүн таасири болуп келген. Маселен, Акаев, Бакиев деле кайсы өлкөлөр өздөрүн төңкөргөнүн айтып жүрүшпөйбү? Мисалы, «АКШда төңкөрүш болбойт, анткени, ал жерде АКШнын элчилиги жана радиосу жок» деген сөздөр айтылып калат. Садыр Жапаров туура айтты, биз Борбор Азиянын маанилүү өлкөсүбүз. Азыр кадырыбыз көтөрүлдү. Бийлик тышкы күчтөрдү тыйып, аларга кызмат кылган басма сөздөрүн да биротоло жаап салышы керек.
— Кыргызстандын тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзгөнү колдоого татыйбы?
— Кыргызстандын тышкы саясаты туура эле жолдо баратат. Бирок, айрым тууган өлкөлөр ички ишибизге кийлигишип жаткан окуялар жок эмес. Биздин кээ бир жарандардын көз карашы аларга жакпайт имиш.

Бөлүшүү:
Next Post

Атактуу адамдардан ар бир күн үчүн айткан акылман кеңештери

Жашооңуздун сапаты ойлоруңуздун сапаты менен аныкталаарын унутпаңыз. Ошондуктан бүгүн сиздерге атактуу адамдардын даанышман, ой берметтерин сунуштайбыз. 1) Эгер сен өзүңө ишенбесең, андан эч качан жакшылык чыкпайт. Анткени, сен өзүңө ишенбесең, ким ишенет? (Майкл Джексон, ырчы). 2) Бул эң коркунучтуу ой: эгерде мен баарын кыла албасам, анда мен эч нерсе кылбайм […]

Сизге жагышы мүмкүн