Манас Осмон, журналист: “Биз бул мамлекетти көчөдөн тапкан жокпуз”

Автор

– Саламатсызбы? Кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштүн экинчи этабында криматалыктын жардамы менен депутат, чиновник болгондор жоопкерчиликке тартылат экен.  Бул демилгени колдойсузбу?

– Өлкөнү жасалма, убактылуу күн көргөн, өлкө тагдыры менен иши жок саясатчылардан тазалоо Кыргызстанда бир топ өзгөрүүлөрдү алып келет. Укуктук мамлекетте криминал же, алардын жардамы менен бийликке келгендер болбошу керек. Бул багытта УКМК төрагасынын демилгеси, аракети алкоого арзыйт. Эгер, биз чын эле өнүккөн демократиялык өлкөнү куралы десек криминал менен күрөшүүгө жалгыз Камчыбек Ташиевди калтырбай ага жапа тырмак кол кабыш кылуу зарыл.

– НПОлордун тизгинин тарткан, ал турсун туура эмес аракеттери үчүн  10 жылга камап, жоопкерчиликти сездирген мыйзам долбоору комитетте каралып жатыптыр. НПОлордду тизгиндегенибиз туурабы же демократияны чектөөбү?

– Коомго терс көрүнүш жаратып, өлкөнүн тартибин бузуп аткан ким болсо да, анын тизгинин тартуу керек. Бул демократияны же, сөз эркиндигин басмырлоо катары каралбайт. Ар бир өлкөнүн түзүмү, системасы, нарк-насили бар. Кызыл сызыктан өткөн ар ким жооп берүүгө милдеттүү. Ал эми мен НПОлор боюнча мыйзам кабыл алынып, алардын иш аракети мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынышын каалайм. Биздин өлкөдө эч ким чет мамлекеттердин тыңчысы болууга акысы жок. Биз бул мамлекетти көчөдөн тапкан жокпуз.

– Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги барбы? Адам укугу жетиштүү деңгээлде корголобу?

– Кыргызстанда демократия да, сөз эркиндиги да бар. Бирок, адам укугу жетиштүү деңгээлде корголот деп айта албайм. Буга биздеги соттор күнөөлүү. Эгер ким бизде демократиялык принциптер сакталбай жатат десе, кошуна өлкөлөргө барып жашап келишсе болот.

М. Исаков

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш Палестина маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаттары  Айбек Осмонов менен Жалалиддин Нурбаев Палестинадагы кыргын боюнча үн катышып, коомчулуктун көңүлүн бурушту. Алардын айтымында, тышкы иштер министрлиги эсеп ачса, ага бардык Кыргызстандыктар каражат которушуп, чогулган каражатты Палестинанын калкына жардам иретинде жөнөтүлмөк. “Кечээ Израил оорукананы бомбалап, жыйынтыгында 800 адам өлдү”,- деп билдирди Жалалиддин Нурбаев. Ал эми Айбек […]

Сизге жагышы мүмкүн