Кемпир-Абадчылар Кыргызстандын саясий аба ырайын өзгөртө алат деп айтуу өтө кыйын. Алар өлкөнүн оппозициялык блогун түзө алышпайт. Менимче, бийликке каршылык көрсөтүү кыймылы азыр жок. Кемпир-Абадчылардын көпчүлүк мүчөлөрү Батышчыл көз караштагы саясатчылар. Ошон үчүн да, калктын калың катмарынан колдоо болгон жок деп ойлойм.
Мамлекеттик мүлктөр кезегинде адилетсиз бөлүштүрүлгөн. Эмнеге, бир ууч ууру кески мага да таандык болгон мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирип алып, ошолор эле байый бериши керек. Кээ бир жарандарыбызды түшүнбөйм. Жеке менчикке тийбеш керек кыйкырып атышат. Биздей кедей анан, билимсиз элди мамлекетти өмүр бою тоноп келаткандар өз кызыкчылыктары үчүн кыйкыртып жаман үйрөнүшкөн.
“Азия Ньюс” гезиттинен алынды