“Манас” жаңы каттамдарды ачууну пландап жатат

Автор

Октябрдан баштап Шарм-эль-Шейх – Бишкек – Шарм-эль-Шейх аба каттамын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ачуу пландалууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чартердик каттамдар кыш мезгилинде Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы тарабынан үзгүлтүксүз аткарылат.

30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамга каттамын ачууну пландап жатат, ал эми каттамдар шейшемби күндөрү болот. Бул Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы саякатчылар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары, пландарда Бишкек – Нячанг авиакаттамдарынын ачылышы да камтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда ундун баасы туруктуу экени айтылды

Кыргызстанда биринчи сорттогу ундун баасы туруктуу, сатып алуучулар арасында ажиотаж жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди. Министрдин орун басары Чыңгыз Макешовдун  айтымында, атамекендик өндүрүштүн биринчи сорттогу бир кап уну 1 миң 500 сомду түзөт. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга рыноктук бааны турукташтыруу максатында ун жана […]

Сизге жагышы мүмкүн