«Манас» аэропорту Qazaq Air авиакомпаниясынын биринчи учагын кабыл алды

Автор

«Манас» эл аралык аэропорту Алматыдан QAZAQ AIR авиакомпаниясынын биринчи учагын кабыл алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Бишкек багыты боюнча 41 жүргүнчүсү менен «Манас» эл аэропортуна конду. Каттам жумасына 2 жолу аткарылат — жума жана дүйшөмбү күндөрү.

Каттамдар 11-сентябрда аткарылып башталса, билеттер бүгүнтөн баштап сатыла баштады. Шаарлар ортосундагы каттамдар заманбап, ыңгайлуу De-Havilland Dash 8-Q400 авиакемелери менен жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү (жергиликтүү убакыт боюнча) аткарылат. Билеттерди flyqazaq.com расмий сайтынан сатып алсаңыздар болот.

Кошумчалай кетсек, QAZAQ AIR – маршруттук тармагы кеңири казакстандык авиакомпания. QAZAQ AIR авиакомпаниясы Казакстандын шаарларынан Баку, Омск жана Екатеринбургга эл аралык түз жана байланыш каттамдарын аткарат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте  автопарк жаңыланды

“Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспортторттук” ишканасынын   автопаркы оңдоп-түзөөдөн кийин ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  автопарктын жалпы аянты 5 гектарга жетет. Автопарк 1960-жылы курулган. Жаңыланган автопарктын аймагында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды. Тейлөө борбордо шаар ичиндеги бардык автобустар каралат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн