«Манас» аэропорту дагы бир учак сатып алат

Автор

“Манас” аэропорту туунду компаниясына (“Asman Airlines”) канадалык дагы бир учак сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.
25-апрелде өткөн акционерлердин жыйынында “Манас” эл аралык аэропорту” ААК тарабынан компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен “DHC-8-402” учагын сатып алуу колдоо тапты. Учак качан сатып алынары азырынча белгисиз.
Алар учакты сатып алууга Кыргызстандын бардык аэропортторун башкарган компаниянын 2023-жылы алган таза кирешесинен акча бөлүүнү пландоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

Апрель тарыхта эң ысык ай болду

Апрель айы тарыхтагы эң ысык ай болду Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду. Муну европалык климаттык кызматтын маалыматтары тастыктайт. Рекорддор 11 ай катары менен коюлду. Эксперттердин айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби – күйүүчү майларды күйгүзгөндөн чыккан парник газдары. Бул кургакчылык жана суу ташкындары сыяктуу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн