«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 млн 145 миң 542 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөр агымы 15.4%ге жогорулады. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 331 миң 577 болсо, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр агымы – 813 миң 965 жүргүнчүнү түздү.
Ошондой эле, жогоруда аталган мезгилде 8 миң 758 каттам аткарылды: эл аралык багыттар боюнча 6 миң 161 каттам, ички багыттар боюнча 2 миң 597 каттам ишке ашкан.