Манасбек Самидинов “Манас” аэропортун кайрадан башкарат

Автор

Манасбек Самидинов “Манас” эл аралык аэропортун үчүнчү мөөнөткө башкарат. Мындай чечим аэропорттун акционерлеринин кечээги 25-апрелдеги отурумунда кабыл алынды.
Директорлор кеңеши компаниянын Башкармалыгынын мүчөлөрүн дагы шайлашты.
Манасбек Самидинов “Манас” аэропортун 2022-жылдан бери жетектеп келүүдө.
Ал Кыргыз улуттук университетинин бажы иши факультетин аяктап, кайра 2020-жылы юриспруденция адистигин бүтүргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Германияда бир куштан улам оорукана салынбай жатат

Германиянын Тюбинген шаарынын мэри Борис Палмер эски оорукананы көчүрүп, анын ордуна 250 миллион евролук оорукана салууну пландап жаткан. Бирок, эски имараттын чатысында бир куштун байырлаганы байкалды. Мындан улам Тюбинген соту куш ал жерден биротоло көчүп кеткичекти жаңы орукананын курулушуна тыюу салды. Жергиликтүүлөр куштун 6 айдан бери түнөгүнө келбегенин айтып жатышат. […]

Сизге жагышы мүмкүн