Мамлекет сатып алган учактардын алгачкысы “Манас” аэропортуна конду

Автор

Кыргызстан биринчи жолу мамлекеттин эсебинен сатып алган Bombardier Dash 8 Q400 учагы “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду. Аэропорттон учакты суу аркасы менен тосуп алышты.
Белгилей кетсек, учак “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын астындагы Asman Airlines авиакомпаниясы үчүн сатылып алынды. Эми учак өлкө ичиндеги каттамдарга коюлат.
Буга чейин мамлекет эгемендик алган жылдар аралыгында биринчи жолу жарандарды тейлеген учактарды сатып алганын, жакын арада экинчи, 2025-жылдын жаз айында үчүнчү учак келип кызмат көрсөтө баштай турганы маалым болгон

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Сөз жөнүндө сөз

Сөз-жан дүйнөнүн күзгүсү дешет. Руханий дүйнөсү бай адамдын сөзү уккулуктуу, мааниси терең ,көркөмдүү чыгат. Жүрөгүңдү толкундатып, сезимиңди сергитип, кыялыңды көкөлөтүп учурат. Акылыңа азык болуп берет. Канчалык уксаң дагы тойбойсуң . Бул Алла Тааланын пендесине берген улуу шыбагасы. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын сөз өнөрүнө карата айтылган керемет хадистери бар. Алардын маани-маңызына назар […]

Сизге жагышы мүмкүн