Мамлекет көп төрөгөн кыз – келиндерине колдоо көрсөтөт

Автор

Эми кыргыз өкмөтү деңиз деңгээлинен 2000 миң бийик тоолуу аймактарда жашап, көп балалуу болгон кыз, келиндерге акча төлөп берет. Анын өлчөмү төмөндөкүдөй белгиленди.

– 4 балага чейин 100 миң сом.
– 5 бала төрөгөндөргө 600 миң сом.
– 7 балага 1 млн сом.
– 8-9 балага 1.5 млн сом.
– 10 бала төрөгөндөр үчүн 2 млн сом.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда мындай кадамды “аргасыз абал” деп түшүндүрдү. “Кыз, келиндерибизге аз болсо да, жардам берели деп жатабыз. Алар айтып жатышпайбы, биз төрөйлү десек пособиелер аз, бала чаканы багалбай жатабыз депчи. Мына, мамлекет көп төрөгөн кыз, келиндерибизгө ушинтип, колдоо көрсөтөт”,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Саясатчы камактан бошотулду

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Азимбек Бекназаровду камактан бошотту. Бирок, ал эч жакка кетпейм деген тилкаты аркылуу бошогон. Эске салсак, 12-сентябрь күнү УКМК ага «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси менен айып тагып камакка алган эле. Атайын кызмат Азимбек Бекназаровду «2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштөн кийин банк кутучуларынан, өкмөт үйүнөн алынган акчалардын уурдалышы […]

Сизге жагышы мүмкүн