Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду

Автор

Сүрөтчү жана мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ал 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Ал 1972-жылы Алматы сүрөт училищасын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфиялык институтун бүтүргөн.
Жайчыбеков “Мектеп”, ‘”Кыргызстан”, “Адабият”, “Шам” жана “Кут аалам” сыяктуу басмаканаларда иштеп, улук көркөм редактор жана башкы сүрөтчү кызматтарын ээлеген. Бекбосун Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин алдыңкы иллюстраторлорунун бири катары белгилүү болгон. Ал Түркмөнстан, Беларусь, Казакстан, АКШ жана Швейцариянын басмаканалары менен кызматташып, андан тышкары “Сорос-Кыргызстан” фондунун китептерин көркөмдөөгө катышкан.
Жайчиев республикалык, эл аралык сынактардын, китеп көргөзмөлөрүнүн сыйлыктарынын жана байгелеринин ээси. Ал билим берүү жана балдар адабиятын иллюстрациялоого кошкон салымы үчүн 2007-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги”, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамдары менен сыйланган.
Мындан тышкары, “КР Эл артисти” наамына ээ болуп, “Бишкек шаарынын ардактуу тургуну” макамын алган. Ошондой эле “Даңк” медалына татыктуу болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Воронеждин тургундары учкучсуз учак жарылгандан кийин көчтү

Воронеж облусунун Острогожский районунда учкучсуз учак абадан коргоо күчтөрү жана электрондук согуштук техникалар тарабынан зыянсыздандырылды. Аймактын губернатору Александр Гусевдин маалыматына ылайык, аба түзүмү кулары менен өрт чыгып, ал өзгөчө кооптуу заттарга өтүп, жарылуу болду. Атайын кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатат. Аймакта тургундар коопсуз жерге убактылуу көчүрүлдү. Жашоочуларга учкучсуз учактын […]

Сизге жагышы мүмкүн