Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталгандыгын белгиледи.
“Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан”, — деди В.Раимбачаева.