Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Автор

Кыргызстанда мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу буйрук чыккандыгын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык,, мындай чечим «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кабыл алынган.
Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгиленет.
Мындан сырткары билим берүү уюмдарынын (мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү) жетекчилери мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата ички иш-чаралар планын иштеп чыгып, аткарууга алат.
Үч айлыктын жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 12-декабрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалпы түрк алфавити боюнча макулдашууга жетишилди

9-11-сентябрь күндөрү Түрк академиясы тарабынан Түрк тилдер коомчулугу жана Ататүрк атындагы Жогорку маданият, тил жана тарых кеңешинин колдоосу менен уюштурулган түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү алфавит комиссиясынын 3-жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты алфавит боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана комиссиянын эки жылдык тажрыйбасына таянып, түрк тилдеринин бирдиктүү алфавити боюнча ишти жыйынтыктоо болгон. Жыйында […]

Сизге жагышы мүмкүн