Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Автор

2023-жылдын 18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу чечимди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алды.

Мындай кадам “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык жана КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган мамлекеттик тилдин үч айлыгынын аткаруу максатында өтөт.

Буйрукка ылайык, үч айлыктын алкагында министрликке караштуу бардык мекелерге иш кагаздарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүү, улуттук үрп-адат, каада-салттарга (бабалар мурасы, кол өнөрчүлүк) байланыштуу көргөзмөлөрдү уюштуруу, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мамлекеттик тилдеги спектаклдерди коюу, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмаларды жана Ч. Айтматов жөнүндө тартылган даректүү тасмаларды республика боюнча кинотеатрларда көрсөтүү, көркөм окууларды жана кыргыз китептеринин көргөзмөлөрүн уюштуруу, министрликке караштуу окуу жайларда Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган материалдарды маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу жана социалдык пакетке кошулган телерадио компанияларында көрсөтүү тапшырмасы коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

 Сентябрь айынын аталышы

Сентябрь тогузунчу ай, бирок анын аты латынча «septem» деген сөздөн келип чыккан, бул «жети» дегенди билдирет. Ошо сыяктуу эле кийинкилер Октябрь, Ноябрь жана Декабрь айларынын аттары латынча 8, 9 жана 10 сандарынан келип чыккан. Негизи байыркы Римде жыл биринчи марттан баштап саналып, айлардын аттарынын  катар номерлери ошол бойдон өзгөрүлбөй калган. […]

Сизге жагышы мүмкүн