Мамлекеттик сыйлыктар кыскарат

Автор

Айрым мамлекеттик сыйлыктарды жоюу маселеси каралат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.
Президент мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу узатылган суроосуна жооп берип жатып, мурда сыйлыктар сатылып келгени эч кимге жашыруун эместигин айтты.
“Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен.
Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз. Болду ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз”, – деп, айрым сыйлыктарды жоюу же талаптарды күчөтүү боюнча маселени Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгарын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү

2023-жылы январь-ноябрда номиналдуу орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн. Ал айрыкча айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн