Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы УКМКда сурак берип жатат

Автор

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов УКМКнын борбордук аппаратында сурак берип жатат. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК А. Абдуваповду 6-декабрда суракка чакырып, аны менен тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, кечээ 5-декабрда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалса, дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берген.
УКМК маалыматы боюнча, акциздик маркаларга байланышкан коррупциялык схема иштеп, натыйжада мамлекетке 3,2 млрд сом зыян келтирилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Имамидин Ташовдун абалы айтылды

Имамидин Ташовдун абалы жакшы эмес, кайра абакка жеткирилди. Бул тууралуу аны жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди. Анын айтуусунда Ташовдун абалы жакшы эмес, бирок кайра абакка жеткирилди. “Имамидин Ташовдун абалы жакшы эмес. Өзү менен баарлашууга мүмкүн болгон жок, суроолорума жакшы жооп бере албады. Врачтар менен сүйлөшсөм ооруканада кармай албайбыз дешти, кайра абакка […]

Сизге жагышы мүмкүн