Мамлекеттик салык кызматынын инспектору пара менен кармалды

Автор

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 29-сентябрда Салык кызматынын улук инспектору К.С.А. пара менен кармалды.
Тактап айтканда, К.С.А. «Л.Н.» ЖЧКсы (Ош шаарында катталган) ишкердик субъектисине карата салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын жасалма түрдө жогорулатып жиберген жана салык милдеттенмелерин кыскартуу максатында 10 000 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алгандыгы аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында улук инспектор К.С.А. кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын кылмыш ишине тиешеси бар жооптуу кызматкерлерин аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Шаардык кеңештерге боло турган шайлоого Бишкектен 4 партия катышат

Бишкек шаардык кеңешине өтө турган шайлоого катышуу үчүн 4 партия арыз берди. БШКнын маалыматына караганда Бишкек шаардык кеңешине 51 депутат шайланат. Учурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз берген партиялар: «Жаңы Кыргызстан» «Эл Үмүтү» «Социал-Демократтар» «Жаңы күч — Новая сила». Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 7-октябрда […]

Сизге жагышы мүмкүн