Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 20,1 миң тонна буудай сатып алды

Автор

2023-жылдын 17-октябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 20 100 тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес. Бүгүнкү күндө сатып алуу уланууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ун менен буудайды өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 18-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.20 сомдон  болсо, сатуу  89.37 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.32 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн