Мамлекеттик кызматта таза иштегендер сыйланышат

Автор

Эми ким таза иштесе, ага Исхак Раззаков атындагы сыйлык ыйгарылат. Төш белги сол көкүрөккө Манас орденинен кийин тагылат.
Депутаттар Миргүл Темирбаева менен Шайырбек Ташиевдин сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Мыйзамда мамлекеттик кызматта таза иштегендерди Исхак Раззаков ордени менен сыйлоо жөнүндө маселе каралган.
Документте мамлекеттик жана муниципалдык кызматта ак ниет, таза иштеген кызматкерлерди, өндүрүштө ири долбоорлорду ишке ашырган жарандарды колдоо жана кубаттоо максатында Исхак Раззаков орденин берүү сунушталганы айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Имамдарга айлык төлөнө баштайт. Президент түшүндүрмө берди

Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, 2025-жылдын март айынан тарта мечит имамдарына айлык акы төлөнө турганын билдирген. Ал эми бүгүн,23-декабрда президент «Кабар» агенттигине маек куруп, каржы маселеси кайсыл булактардан алынарын айтып берди. Маекти толугу менен төмөндө беребиз: -Саламатсызбы, Сиз Элдик курултайда өлкө боюнча төрт миңге жакын […]

Сизге жагышы мүмкүн