Мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулады

Автор

2020-жылдан 2023-жылга чейин Кыргызстандын бюджетинен эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы мамлекет социалдык чегерүүлөрдү эске алуу менен эмгек акыга 61,8 миллиард сом бөлгөн,
-2021-жылы бул максатка бюджеттен 65,2 миллиард сом бөлүнгөн,
-төлөмдөрдүн олуттуу өсүшү 2022-жылы болгон – 95,3 млрд сомго чейин,
-ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 122,2 миллиард сомду түзгөн.
Эмгек акынын орточо өсүшү:
— билим берүү жана илим кызматкерлерине 180%,
— медициналык кызматкерлерине 150% чейин,
— маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% тегерегинде,
— социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин,
— мамлекеттик жарандык кызматчылардын 210% чейин,
— муниципалдык кызматчылардын 253% чейин,
— мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 212% чейин,
— техникалык тейлөөчү персоналдын 178% чейин,
— кенже тейлөөчү персоналдын 172% чейин,
— бош жалданган жана жарандык персоналдын 169% чейин.
2022-жылдын 1-октябрынан тарта прокуратура органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.
Жылдык керектөө 10 млрд сомдон жогору түздү, 2022-жылдын 1-октябрнан баштап 3 млрд сомдун тегерегин түздү.
Баткен облусундагы аскердик кызмат үчүн үстөктөрдү эсепке албагандагы эмгек акынын орточо өсүшү:

— укук коргоо органдарынын кызматчылардын 210% га чейин;
— аскер кызматчылардын 240% га чейин болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең “Кыргызстан – Оман” беттешин кувейттик адис жетектейт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эртең, 25-январда Азия Кубогунун «F» тайпасында Оман курамасына каршы оюн өткөрөт. Оюнду кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектей тургандыгын белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери – Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) […]

Сизге жагышы мүмкүн