Кытай бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге Apple компаниясынын iPhone телефондорун колдонууга тыюу салды.
Чет элдик түзмөктөргө чектөө киргизүү Пекиндин чет элдик технологиядан көз карандылыкты азайтуу кампаниясындагы акыркы кадам болуп саналды.
iPhone жана башка чет өлкөлүк түзмөктөрдү жумушка колдонууга же кеңсеге алып кирүүгө тыюу салынган. Талдоочулар Кытай бийлигинин аракеттери Apple компаниясынын Кытайдагы ийгилигине шек келтириши мүмкүн деген бүтүмгө келишкен.