Мамлекеттик катчы тууну өзгөртүү тууралуу үн катты

Автор

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу үн катты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

«Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк, насил, тил, дил жаатында нар көтөргүс иш алпарууда.Тажрыйбасы көп дасыккан жетекчи. Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экөө биргелешип мыйзам долбоорун демилгелешти.

Сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз жаңыланып, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз.

Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө…

Илгертен элибиз тилек кылышчу. Өзгөнүн туусун жыгып, өзүнүн туусун саяр балдарыбыз көп болсо экен деп. Улуу Ата мекендик согуш учурунда дагы аскердик бөлүктөр күжүрмөн туусу үчүн кырылып калышкан.

Азыркы биздин туубуз, Эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда.

Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы, бири — бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү», — деди мамлекеттик катчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзам талкууланат

Бүгүн, 4-декабрда “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы реформалар боюнча жолугушуу өткөрөт. Анда 2023-жылдын 11-августунда президент кол койгон “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы талкууланат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, эмгек сиңирген мугалимдер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышып, сөз сүйлөшөт. Эскерте кетсек, аталган жаңы мыйзам билим берүүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн