Мамлекеттик катчы мектептерге “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында сабак өттү

Автор

Бүгүн, 2-сентябрда, өлкөдөгү бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.
Бишкектеги №69 мектепте мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында ачык сабак өткөрдү. Сабактын максаты – улуу инсандар жөнүндө айтып, окуунун маанисин түшүндүрүү жана Кыргызстандын тарыхы менен азыркы өнүгүүсү тууралуу түшүнүк берүү болду. Сабакта мамлекеттик катчы мектептерде окуучулардын илимий-техникалык билим деңгээлин жогорулатуу менен бирге улууларды, мугалимдерди сыйлоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салттарын таанууга, кыргыз тилин туура үйрөнүүгө чоң маани берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Иш-чарага министр Догдуркул Кендирбаева катышты. Ачык сабакка Zoom тиркемеси аркылуу республика боюнча 100 мектеп кошулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Пластик терезелерди кантип тазалоо керек

Тазалоо процессин жеңилдетүү жана натыйжасы анын сапаты менен жагымдуу болушу үчүн кээ бир шаймандарды камдоо керек. Алардын жардамы менен эч кандай көйгөйсүз пластик терезелерди агарта аласыз. Бул жерде сизге эмне керек болот: тиш щеткасы; пахта жаздыкчалары; пленка; идиш жуугуч швабра; суу менен көлмө; кургак кездем Биринчиден, сиз сода менен ыкманы […]

Сизге жагышы мүмкүн