Каржы министрлигинин берген маалыматы боюнча өлкөбүздүн мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларды түздү. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн 45,53 пайызына жетти.
Маалыматта айтылгандай, жалпы карыздын 4 млрд 652,73 млн доллары тышкы карыз, калган 1 млрд 627,80 млн доллар ички карыз деп эсептелинген.
Кыргызстан мамлекеттик карызга 2023-жылы 48,6 млрд сом төлөсө, 2024-жылы 64,7 млрд сом төлөйт.