Мамлекеттик дарыканадагы дары-дармектер 15%га чейин арзан сатылат

Автор

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын базасында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Дарыканада эң керектүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 мамлекеттик аптека ачуу күтүлүүдө, кийин дарыканаларда дары-дармектерди эки миңге чейин көбөйтүү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Сулайман Кайыпов 70 жашта

Кыргыз элинин белгилүү уулу,  фолклор таануучу, этногрaф жана адабиятчы Сулайман Кайыпов 70 жашка чыкты. Түрк тилдүү жана башка элдердин ортосунда данакерлик кызматты өтөп келаткан манас таануучу,  диалектолог, сөздүкчү, түрколог агайыбыздын  мааракесине байланыштуу  9-10-ноябрь күндөрү Улуттук илимдер академиясында жана Улуттук Университетте  Эл аралык симпозиум болуп өтөт. Ал 1997-жылдан кийинки дээрлик он […]

Сизге жагышы мүмкүн