Мал салыгы тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев  мал ээлерине салык салуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынганын билдирди.  Бул тууралуу эл өкүлү соцтармактагы баракчасына жазды.

«Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору коомдук талкуудан алынды. Белгиленген сандан ашкан мал жандыкка салык киргизүү, ошондой эле жер салыгынын суммасын көбөйтүү боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун дагы да болсо тереңирээк изилдеп, тактап кошумча иштеп чыгуу максатында коомдук талкуудан алынды. Эсиңиздерге сала кетсем бул демилге 80% тегерегиндеги дотацияда отурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешесин көбөйтүүгө багытталган. Жер салыгынан болжолдуу 2,5 миллиард, ал эми мал жандыкка салыктан 1,2 миллиардтын тегерегиндеги каражат чогулмак. Чогулган каражаттын 100% тиешелүү айылдын бюджетине түшмөк.

Бул деген жайыттарды жакшыртуу, ар бир айылдагы муниципалдык, ветеринардык врач, таза суу, ички жолдор, мектеп, бала бакчаларды оңдоо жана башка иштерине максаттуу жумшалып, өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп жазат депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайда өтө турган XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 181 спортчу катышат

XIX жайкы Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын курума командасынын курамына 181 спортчу кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов билдирди.   Анын айтымында, жайкы Азия оюндары үстүбүздөгү жылы 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт, аталган оюндар COVID-19 пандемиясынан улам 2022-жылы өткөрүлгөн […]

Сизге жагышы мүмкүн