Президент мал жандыктарга салык киргизүүгө каршы. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мал жандыктарга салык киргизүүнү депутат Жеңишбек Токторбаев демилгелеп, талкууга алып чыккан. Депутаттын демилгеси коомчулуктун нааразычылыгын туудурган. Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик түзүлүшү керек деп эсептейт.
Дүй Май 29 , 2023
“Пари Сен-Жермен” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе дагы бир жолу Франциянын “Жылдын мыкты футболчусу” наамын алды. Сезон бүтөөрү менен париждиктер чемпиондукту камсыздап коюшту, ал эми Мбаппе 28 гол менен тизменин сап башында турат. Жекшембиде ПСЖнын 24 жаштагы чабуулчусу төртүнчү жолу катары менен Лига 1дин эң мыкты оюнчусу аталды. Белгилей кетчү нерсе, […]