Малды жалгыз баккан балага Ички иштер министри белек берди

Автор

10 жаштагы Бектурганга министрликтин өкүлдөрү оюнчуктарды, кийим-кече, окуу куралдары жана башка керектүү нерселерди тартуулашты. Бул иш-чара баланы колдоо жана анын кайраттуулугун баалоо максатында уюштурулган.
Талас районунун Шекер айылында Казакстан менен чектеш жерде жалгыз мал кайтарып жүргөн бала тууралуу видео Интернетте тарап, талкууга түшкөн.
Жергиликтүү тургундар бала ачык асманда түнөп жүргөнүн айтышкан. Кийинчерээк Эмгек министрлиги бала бардар үй-бүлөдөн экенин, Бектурган ата-энесине жардам берип жүргөнүн билдирген. Маектеринин биринде бала милиционер болууну кыялданарын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

5-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 5-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн