Президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим бүгүн, 16-майда, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында анын өлкөгө жасаган расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Этномаданий иш-чаранын алкагында көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салттары жана маданияты, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандары көрсөтүлдү.
«Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана мамлекеттик “Ак марал” бий ансамблинин аткаруусунда концерт тартууланды.
Ошондой эле «Аталар изи» улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.