Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга келет

Автор

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот.
Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда.
Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Марадонанын "Алтын топ" сыйлыгы аукционго коюлат

Белгилүү аргентиналык футболчу Диего Марадонанын 1986-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатында алган “Алтын топ” сыйлыгы аукционго коюлат. Аукцион Францияда 2024-жылдын 6-июнунда өтөт. Сыйлыктын потенциалдуу сатып алуучулары аны бир нече күндөн кийин коомдук көргөзмөдө көрө алышат. Эске салсак, Марадона 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында каза болгон. Аргентиналык футболчу 20-кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган. […]

Сизге жагышы мүмкүн