Мактоого арзыган демилге

Автор

Унутта калган эки адамдын эмгегин депутат Марлен Маматалиев элдин эсине салды. Алардын бири легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов жана жазуучу, сынчы Камбаралы Бобулов. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү “Бегиш Ааматовдун демилгеси менен 31-август Эгемендик күнүбүз болуп жарыяланып калган. Ошол киши 5-маселе катары айтып, депутаттар кабыл алышкан. Бирок, бүгүн эч ким анын эмгегин айткысы келбейт. Мамлекеттик сыйлыктар дагы берилбей калган. Ал эми Камбаралы Бобуловдун быйыл 90-жылдыгы белгиленет экен. Балким, “Эл баатыры» жогорку наамын ыйгарабызбы»,- деди.
Ал 33 жылдан бери мамлекеттик сыйлыктар жең ичинен бериле берип, мамлекетке эмгеги сиңген адамдар унутта калып кеткенин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ жана союздаштары Израил менен Хезболланы ок атышууну токтотууга чакырды

АКШ жана алардын союздаштары Израил менен “Хезболла” ортосундагы ок атышууну токтотууга чакырды АКШ, Франция жана башка союздаштар Израил менен Ливандын чек арасында 21 күнгө ок атышууну токтотууга чакырышты. Америкалык аткаминердин айтымында, убактылуу тынчтык келишими аймактагы туруктуу тынчтыкты орнотууга жардам бермек. «Биз ливан-израиль чек арасында дипломатияга жол берүү үчүн 21 күндүк […]

Сизге жагышы мүмкүн