Максат Сазыкулов камактан бошоду

Автор

Бишкектин камакка алынган мурдагы вице-мэри Максат Сазыкулов эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде камактан бошотулду.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн жүйө келтирип, ушундай чечим кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.
УКМК Максат Сазыкуловду апрель айында кармап, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып таккан.
Тактап айтканда, Сазыкулов Бишкек шаарынын ортосунан базар баасы 200 миң доллар деп бааланган муниципалдык жер тилкесин коммерциялык объект куруу үчүн мыйзамсыз бөлүү тапшырмасын берген деп айтылган.
Ошондой эле уруксат документтери жок 300 чарчы метр жерге курулган обьекти буздурууга тоскоолдук жасаган делген.

Бөлүшүү:
Next Post

Качырып ийбе! Бүгүн Малайзия менен ойноочу “Акшумкарлардын” курамы

Кыргызстандын футбол биримдиги дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында Малайзияга каршы беттеште ойной турган өлкө курамасынын соңку курамын жарыялады. Курамага жалпы 25 оюнчу кирди. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын курамасы бүгүн, 6-июнда Малайзияга жана 11-июнда Оманга каршы беттеш өткөрөт. Курамадагы оюнчулар: Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Марсел Исламкулов; Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан […]

Сизге жагышы мүмкүн