Парламент башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Автор

Бүгүн,5-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынында Максат Асаналиевди башкы прокурордун кызмат ордуна жактырды.
Жалпы жыйында 69 депутат”макул” деп добуш берип, депутаттар Максат Асаналиевдин талапкерлигин колдоду.
Кошумчалай кетсек, Максат Асаналиев 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылында туулган.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. Андан кийин ички иликтөө бөлүмүн жетектеген. Ал Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болгон. Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору кызматын аркалаган.
2022-жылдын 20-майында ротация жолу менен Ош облусунун прокурору болуп дайындалган.
Ал 1-класстагы юридикалык кеңешчи.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка […]

Сизге жагышы мүмкүн