Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөнүн жаңы премьер-министри кызматына Франсуа Байру дайындалганын жарыялады. Елисей сарайынын маалыматына караганда Макрон бул дайындоо жөнүндө «узакка созулган кеңешүүлөрдөн» кийин жарыялаган.
73 жаштагы Байру Макрондун мурдатан бери келе жаткан тарапташы жана «Демократиялык кыймыл» аттуу борборчул партиянын лидери. Ал 2017-2019-жылдары юстиция министри кызматын аркалаган.