Макрон француз ракеталары менен Россияга чабуул жасоого уруксат берди

Автор

Франциянын президенти Эмманюэль Макрон француз ракеталары менен Россиянын аймагына чабуул жасоого уруксат бергенин ырастады.
Макрон ошондой эле Мираж 2000-5 согуштук учактарын Украинага өткөрөрүн жарыялады.
«Эртең биз жаңы кызматташууну баштайбыз жана Украинага өз жерин, аба мейкиндигин коргоого мүмкүндүк берген француз согуштук учагы Mirage 2000-5 берилээрин жарыялайбыз»,-деди француз президенти.
Андан тышкары Париж украиналык учкучтарды даярдоо боюнча алты айлык курстарды уюштуруп жатат, ошондой эле 4500 жоокерден турган украин бригадасын окутууга катышууну көздөп жатканын президент билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров “Ак шумкарларга” автобус белек кылды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Кечээ, 6-июнда, Кыргызстандын Малайзиянын курама командаларынын ортосунда беттеш болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында Мамлекет башчысы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды. Президент Садыр Жапаров өлкө алдыдагы Оман […]

Сизге жагышы мүмкүн