Франциянын президенти Эммануэль Макрон Улуттук ассамблеяны (Франция парламентинин төмөнкү палатасы) таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алды.
«Тынчтыкта жана ынтымакта иш алып баруу үчүн Францияга парламенттик көпчүлүк керек. Мен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 30-июнда өткөрөм, ал эми экинчи тур 7-июлда»,-деди француз лидери элге кайрылуусунда.
Бул жагдай Макрон президенттик Ренессанс партиясынын Европарламентке шайлоолордо жеңилгендигин моюнга алганын көрсөтүп турат.