Европа менен АКШ Украинанын келечегинен күмөн санашат. Бул тууралуу президент Эммануэль Макрон билдирди.
“Биз Европа өлкөлөрү шектене баштаганын сезип жатабыз”,-деди Макрон Украинадагы согуштук аракеттердин келечектеги өнүгүшүнө комментарий берип жатып. Ал Украинага мындан аркы жардам берүү маселеси 2024-жылы негизги маселелердин бири болорун баса белгиледи.
Президент Украинанын жеңилүүсүнө жол берилбесин, анткени Европанын суверенитети коркунучта экенин кошумчалады.