Франциянын президенти 13-14-февралга пландалган Украинага иш-сапарына барбайт. Елисей сарайы бул жылдырууну коопсуздукка байланыштырды.
Эммануэль Макрон Одессага барышы керек болчу. Жарым-жартылай француздар курган шаарга символикалык сапар болмок. Ошондой эле Франциянын мамлекет башчысы өлкөнүн Украинага жардам көрсөтүү боюнча координатору катары Франциянын өнүктүрүү агенттигинин келишин расмий түрдө ырасташы керек эле.