Франциянын президенти Эммануэль Макрон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин санкция маселеси боюнча “Москва тарапта болуудан” баш тартуусун жактырды. Бул тууралуу ал Токаев менен жолугушууда билдирди.
“Биз маанилүү эл аралык маселелер боюнча өнүгүүгө жетише алабыз. БУУнун Уставына жана аймактык бүтүндүк жана улуттук эгемендүүлүк сыяктуу принциптерге берилгендигибизди баса белгилей алабыз”,-деди Макрон.
Мамлекет башчыларынын жолугушуусунда соода-энергетикалык кызматташуу, глобалдык жана аймактык күн тартибине байланышкан маселелер талкууланды.