Франциянын президенти Эммануэль Макрон Германиянын канцлери Олаф Шольц менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында шериктештер Украинага Россиянын аймагындагы аскердик буталарга сокку урууга уруксат бериши керек деп билдирди.
“Биз өз максатыбызга жетүүнү кааласак, буга жол бере алабыз деп ойлойм”,-деди Франциянын президенти.
Макрон анын демилгеси орус-украин чатагынын курчушуна алып келбей, Киевге өзүн жакшыраак коргоого мүмкүндүк берет деп ишенет.