Макрон Путин менен диалогду улантууга даяр экенин билдирди

Автор

Франция президенти Эмманюэль Макрон Россиянын президенти Владимир Путин менен диалогду улантууга даяр экенин билдирди.
«Мен диалогдун күчүнө ишенем жана Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү улантат элем. Акыркы бир нече айда мындай болгон эмес, бирок мен атомдук электр станциялары же башка темалар боюнча бул диалогду жокко чыгарбайм»,-деди Макрон.
Эмманюэль Макрон Россиянын аскерлери Украинага киргенден кийин Владимир Путин менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алардын телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу акыркы жолу 2022-жылдын 11-сентябрында билдирилген. Буга чейин Макрон орус президенти менен «жүз саат» сүйлөшкөнүн айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге келди

Президент Садыр Жапаров Бельгиянын Брюссель шаарына иш сапары менен келди. Президент Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды. Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун […]

Сизге жагышы мүмкүн