Франциянын президенти Эманнуэль Макрон Париждеги Олимпиада оюндары учурунда Россия менен Украинанын, ошондой эле Израил менен ХАМАСтын ортосунда дипломатиялык элдешүү планынын үстүндө иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы BFMTV телеканалына берген маегинде билдирди.
Макрондун айтымында, Франция Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Европа менен Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттердин мүмкүн болгон тыныгуусу боюнча байланышууну пландаштырууда. Кытайдын Коммунисттик партиясынын башчысы бир нече жумадан кийин Парижге иш-сапары менен келет. Макрон Си Цзиньпин Москва менен Киевди Париждин сунушун колдоого көндүрө алат деп ишенет.
Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.