Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европа Биримдигинин саммитинин жыйынтыгындагы басма сөз жыйынында Израилге Газа менен Ливандагы операцияларын токтотууну өтүндү. Ал Израилди саясий диалогго өтүүгө чакырды. “Франция Израилди Ливандагы аскердик операцияларын токтотууга, кургактык операциясын баштабастан өлкөнүн эгемендигин урматтоого, ошондой эле БУУ алдындагы өз милдеттенмелерин, өзгөчө, UNIFIL тынчтык орнотуучуларына карата милдеттенмелерин аткарууга чакырат”,-деди Макрон.