Макрон Израилге курал жеткирүүнү токтотууга чакырды

Автор

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилге Газа секторундагы согуш үчүн колдонулушу мүмкүн болгон куралды жеткирүүнү токтотууга чакырды. “France Inter” радиостанциясынын эфиринде ал 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге жасаган террордук чабуулунан улам келип чыккан аскердик жаңжал «саясий жол менен чечилиши» керектигин айтты.
«Менимче, бүгүнкү артыкчылык Газа аймагындагы согуштук аракеттер үчүн курал жеткирүүнү токтотуу жана саясий чечимге кайтуу»,-деген Макрон Франция Израилге эч кандай курал жеткирбегенин кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев АЭС куруу боюнча референдумда добуш берди

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдумда добуш берди. Бүгүн, 6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдум өтүүдө. Референдумда казакстандыктар өлкөгө атомдук электр станциясынын керек же керек эмес экенин чечиши керек. Анда «Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?» деген суроого Казакстандыктар «ооба» же […]

Сизге жагышы мүмкүн