Макрон: Евробиримдик тынчтык үчүн Россия менен мамилесин кайра карашы керек

Автор

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун айтымында, келечекте Европа континентиндеги тынчтык үчүн Европа Биримдиги Россия менен болгон мамилелерин кайрадан карап чыгышы керек.
“Бизге Европада тынчтыкты жаңы формада ойлонуу зарыл. Европанын географиялык чындыгын эске алуу керек. Ал Европалык Биримдик менен гана чектелбейт. Тактап айтканда, НАТО менен да чектелбейт. Биз Европанын жаңы формадагы уюштурулушу жөнүндө ойлонушубуз керек. Келечекте Россия менен болгон мамилелерибизди, бул континенттеги тынчтыкты кайра карап чыгышыбыз керек”,-деди ал Парижде өткөн эл аралык тынчтык маселелери боюнча конференцияда сүйлөп жатып.
“Бизге жаңы дүйнөлүк тартип керек, анткени азыркы дүйнөлүк тартип толук эмес жана адилетсиз. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пландалган жана азыркы чакырыктарды эске албайт”,-деген Макрон бул маселени келерки жумада өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында көтөрүп чыгарын убада кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Шахтадагы жарылуудан көз жумгандардын саны 50дөн ашты

Ирандын түштүк Хорасан провинциясындагы Табас шаарында көмүр шахтасында газдын жарылуусунан каза болгондордун саны 51ге жетти. Бул тууралуу Mehr агенттиги кабарлады. Буга чейин 30 адамдын каза болгону, 20 адам жаракат алганы белгилүү болгон. 40 адамдан турган топ куткаруу операциясын жүргүзүп, урандыны тазалоо иштерин аткарууда. Жарылуу 21-сентябрда, кечинде болгон. Газ Madanjo компаниясынын […]

Сизге жагышы мүмкүн