Франциянын президенти Эммануэль Макрон 2-4-июлдагы Германияга иш сапарын өлкөдө бир жаш жигит полициянын огунан каза болгон окуялардан улам алдыга жылдырды.
Франциянын президенти Макрон менен Германиянын президенти Штайнмайер бүгүн телефон аркылуу сүйлөштү. Эки президенттин Макрондун Германияга сапарын жылдырууну макулдашканы белгиленди.
Эске салсак, Францияда 17 жаштагы африкалык өспүрүм полициянын огунан каза болгондон кийин башталган тополоңдор төрт күндөн бери уланууда. Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам камакка алынган. Кармалгандардын көбү 13-14 жаштагылар.
79 полиция жарадар болуп, 234 имарат өрттөлгөн же бузулган.