Ирландиялык аралаш мушташ боюнча (ММА) Конор Макгрегор өзүн Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) падышасы деп атады.
34 жаштагы спортчу: «Мен кандай салмак категориясына карабастан, түбөлүк рейтингдин падышасымын», – деди.
Буга чейин Макгрегор 2023-жылы октагонго кайтпай калышы мүмкүн экени белгилүү болгон. Ирландиялык спортчу Американын допингге каршы агенттигинин (USADA) тестирлөө иш-чараларына киргизилген эмес. Ал 180 күндүн ичинде милдеттүү допинг-тесттен өтпөй калса, беттешке катыша албайт.
Макгрегор акыркы жолу 2021-жылы жайында беттешип, америкалык Дастин Порьеге техникалык нокаут менен утулуп калган. Ирландиялыктын буту сынып, ал дагы эле айыгып жатат.
Белгилей кетсек, Макгрегор UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. Жалпысынан ал 28 беттеш өткөрүп, анын 22синде жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.