Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор TNT Sports телеканалына берген маегинде спорттон качан кетээрин болжолдоп айтты.
«Азыр 2024-жылдын биринчи кварталы гана. UFCде эки беттешим калды. Мен аларды жылдын аягына чейин бүтүрөм деп үмүттөнөм. Бирок мен UFCнин бир бөлүгү бойдон калам.
Качанкыга чейин күрөшөм? Майк Тайсон мына жакында Жейк Пол менен беттешмекчи. Ага чейин дагы бир ардагер Рой Жонс менен мушташкан. Жөн гана күрөшүүнүн форматын өзгөртсө болот. Джиу-житсу боюнча турнирлерде ардагерлер үчүн беттештер бекеринен айтылган эмес. Андыктан, балким, карьерамды эч качан бүтүрбөйм.
Мени каалашынчы чакырышсын. Балким үчилтиктерди жана реванштарды уюштурсун. Ошентип, мен өлөр өлгүчө чейин күрөшө алам», — деди МакГрегор