Махачкаладагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан 47 адам жабыркады. 35 адам каза болуп, 47 киши оор жаракат алган. Абалы оор 17 адам Москвадагы медициналык борборлорго жеткирилди.
14-август күнү кечинде Махачкаланын четиндеги станцияда унааларды тейлөө учурунда өрт чыгып, өрт селитра сакталган коңшу бөлмөгө өткөн. Андан жардыруу болуп, өрт жакын жердеги имараттарга жана май куюучу жайларга жайылган.
Шар Авг 16 , 2023
Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында күчтүү уулуу зат “Gurza – vipera Leberetna turaniga” […]