Молдованын учурдагы президенти Майя Санду мамлекет башчысы шайлоосунун экинчи айлампасында 55,06 пайыз көрсөткүч менен лидерликти сактап турат. Атаандашы мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 44,94 пайыз добуш алган. Бул маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында жарыяланган шайлоо протоколдорунун 99,01 пайызы иштелип чыккандан кийинки алдын ала жыйынтыктардан көрүнүүдө.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Молдова президентин шайлоонун экинчи айлампасындагы добуш берүү активдүүлүгү 54,3 пайызды түзгөн.